• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ички жана тышкы миграциянын өсүүсү жер маселеси менен байланыштуу

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Ички жана тышкы миграциянын өсүүсү жер маселеси менен да байланыштуу. Бул тууралуу "Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" аттуу конференциясынын жүрүшүндө айтылды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Молдомусаев билдиргендей, учурда жер маселеси жер-жерлерде абдан актуалдуу. Жаш үй-бүлөлөр алигиче там салып жашаганга жер тилкелерин ала-албай келишет. Бир үйдө эки-үч үй-бүлө жашоого муктаж. Турак-жай маселесинин айынан ички миграция, жадакалса тышкы миграция көбөйүп, эмгекке жарамдуу жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бул азыр курч турган маселелердин бири.

"Мен мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, ошол трансформация маселесин кайра райондук администрациялардын алдындагы комиссияга өткөрүп берүүгө чакырат элем",- деди ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул абдан маанилүү жана орчундуу маселе. "Укуктарды райондук администрацияларга өткөрүп берүү боюнча сиздердин сунушту биз уктук. Бирок, эсиңиздерде болсо, 10-15 жыл мурун ошол район акимиаттарынын деңгээлинде болгондо мыйзамсыз бөлүштүрүү, басып алуулар көп болгон. Ошол себептен трансформация маселесин кайра өкмөткө алууга туура келди. Өлкөнүн калкы өсүп, бүгүнкү күндө турак-жай маселеси абдан актуалдуу. Бирок, бул маселе оңой эле чечилбейт. Бул жерде юстиция министрлигинин өкүлдөрү да отурат. Ушул маселе силердин сунуштарды эске алуу менен мыйзам чегинде, туура келген нормалар боюнча чечилет деп ишенем",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий