• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

#Үйдөball: Үйдө отуруп топ утуп ал

Спорт 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын футбол бирикмеси карантинден улам үйдө отурган футбол сүйүүчүлөрүнүн арасында #Үйдөball сынагын уюштурат.

"Достор, карантинди сактап үйдө болуп, зеригип калсаңыздар керек. Сизге жакшы маанай тартуулоо үчүн инстаграм баракчабызда #Үйдөball сынагын уюштурабыз", - деп билдирет КР футбол бирикмеси.

Сынактын шарттары:

- @kfu_kg баракчасына жазылыңыз;

- Үй ичинде топту ээлеп, аны видеого жаздырыңыз:

- Видеону өзүңүздүн баракчаңызга жүктөп, @kfu_kg белгилеңиз. Публикациянын текстине #Үйдөball хэштегин кошуп коюңуз;

- Үч досуңузду бул публикациянын алдында белгилеңиз;

- Баракчаңызды 20-апрелге чейин ачык калтырыңыз.

КР футбол бирикмесинен билдиришкендей, жеңүүчүгө Molten Vantaggio V2810 тобу берилет.

"Жеңүүчүнү 20-апрелде random.org аркылуу тандап алабыз. Ийгилик!", - деп жазган өзүнүн инстаграмдагы баракчасында КР футбол бирикмеси.

Пикир

Оставить комментарий