• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ID-картага жарандын «этностук таандыгы» тууралуу графа киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына – ID-картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Пикир

Оставить комментарий