• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үйдөн чыкпагыла! Бишкектин көчөлөрүндө элди тартипке чакырып жүрүшкөндөгү видео

Коом 0


Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүндө элди тартипке чакырып жүрүшөт. Алар элге үйдөн чыкпоо керектигин жана коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн эскертишүүдө.

Кыргызстанда коронавирустан улам 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилет.

Видео Telegram тармагынын Короче баракчасынан алынды.

Эске сала кетсек, үстбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы үч учур катталгандыгын билдирген. Жугуштуу илдетти жуктургандар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары.

Маалым болгондой, алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Эки күн өткөндөн кийин 20-мартта коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталгандыгы маалым болду. Мындан улам вирустун белгилери табылган элдер жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2020-жылдын 21-мартына алынган маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алган дагы 8 учур аныкталып, жалпы ооругандардын саны 14 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий