• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Идеалдуу салмак кандай болушу керек?

Дүр дүйнө 0

Адамдын 18 жаш курагындагы салмагы идеалдуу салмак болуп саналат. Ошондуктан аны өмүр бою сактап калуу кажет. Бирок сиз 15-20 жыл өткөн соң, идеалдан алыстап кетсеңиз, ага кандай болсо да жетүүгө умтулбай эле коюңуз. Анткени жашоонун ар бир 10 жылынан кийин организмде энерготраттар болжол менен 10%га азайып турат. Ушундан улам ар бир он жылда биз болжол менен 10% (5-7 кг) салмак кошуп турабыз: алгач идеалдуу салмактан, кийин канча килограмм болсок ошого жараша. Арыктоону да этияттап жүргүзүү зарыл. Бирок 18 жаштагы идеалдуу салмакка умтулбай, жаңы идеалды медициналык формулалардын бири боюнча эсептеп алган оң.

Брокктун формуласы

Эркектер үчүн идеалдуу салмак = (бою сантиметр менен - 100) · 1,15.

Аялдар үчүн идеалдуу салмак = (бою сантиметр менен - 110) · 1,15.

Мисалы: бою 170 аялдын идеалдуу салмагы = (170 – 110) · 1,15 = 69 кг.

Бул формула мурдагы эркектер үчүн “боюнан 100дү алуу” жана аялдарга “боюнан 110ду алуу” деген формуланы эске салышы мүмкүн. Бул чындыгында жакшыртылып иштелип чыккан формула.

Мурдагы формулада жаш курак, дене түзүлүшү эске алынбай, бардыгынан фитнес-модель болууну талап кылган. Ошондуктан бул көрсөткүчтөргө дал келүү оңой болгон эмес. Ушундан улам окумуштуулар Брокктун формуласын кайра иштеп чыгышкан.

Аялдар үчүн:

Бою 147 см — салмагы 44-49 кг;

Бою 150 см — салмагы 45-50 кг;

Бою 152 см — салмагы 46-51 кг;

Бою 155 — салмагы 47-53 кг;

Бою 157 — салмагы 49-54 кг;

Бою 160 — салмагы 50-56 кг;

Бою 162 — салмагы 51-57 кг;

Бою 165 — салмагы 53-59 кг;

Бою 168 — салмагы 55-61 кг;

Бою 170 — салмагы 56-63 кг;

Бою 173 — салмагы 58-65 кг;

Бою 175 — салмагы 60-67 кг;

Бою 178 — салмагы 62-69 кг;

Бою 180 — салмагы 64-71 кг;

Бою 183 — салмагы 66-72 кг

Булагы

Пикир

Оставить комментарий