• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Идирисов “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын жаңы менеджери болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү менен “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйындыгында, “Кумтөр” ишканасынын башкаруучуларынын катарында үч кыргызстандык болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызалтын” ААКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Кумтөр Голд Компанинин” башкы менеджери болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

Жаңы жетекчини коллектив менен тааныштыруу иш чарасы кечээ, 14-сентябрда болгон.

Болотбек Имашевич Идирисов - 1968-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында туулган.

1992-жылы Санкт-Петербург тоо университетинде “маркшейдер” адистиги боюнча окууну аяктаган.

2001-жылы А.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен университетине “жер астындагы пайдалуу кендерди казуу” адистигине тапшырган.

1992-1993жж аралыгында Нарын каскадынын гидроэлектрстанциясынын курулушунда эмгектенген.

2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тоо - кен казып алуу жана өндүрүш бөлүмүнүн менеджери болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий