• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИДП көлөмү январь-июнда 194 млрд сомду түзүп, 6,4%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Ички дүң продукциянын көлөмү 2017-жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 194 млрд сомго жакынды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Комитеттин маалыматтары боюнча, ИДП көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га өскөн.
А.Оросбаев “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 6 айында 173 млрд сомду түзүп, 3,1%га өскөнүн билдирди.

“2017-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 105 млрд сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,6%га өскөн. Өндүрүш негизги металлдарды иштетүү, темир кенин жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн эсебинен өстү”, - деди ал.

Электр энергиясы, газ, буу жана коюлтулган аба менен камсыздоо 2016-жылдын 1-жарым жылдыгындагы деңгээлден 12,1%га жогорулаган.

Булагы: Tazabek

Пикир

Оставить комментарий