• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Идрис Кадыркулов кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматын аркалап келген Идрис Кадыркулов кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрдү.

Анда;

“Акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында, коомчулукта, айрыкча бейөкмөт уюмдар тарабынан УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспорттордун бланкасын сатып алууга байланышкан териштирүүлөрүн туура эмес карады деген сөздөр айтылууда. Андын тышкары бул иште менин кызыкчылыгым бар экендиги да айтылууда.

Мамлекеттик комитет буга чейин бир нече ирет Мамкаттоонун айрым кызматкерлери кызматтык абалынан аша чаап, жеке кызыкчылыгы үчүн иштегени далилденген база бар экендигин билдирген. Коомчулук тарабынан аталган теманын алкагында дагы деле кызуу талкуу жүрүүдө.

Бул жагдайды эске алуу менен мен УКМКнын төрагасы кызматынан кетүү чечимин кабыл алып, президентке рапорт жөнөттүм”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, президент С.Жээнбеков Идрис Кадыркуловдун отставкасын кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий