• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Йеменде эки баштуу сиам эгиздери төрөлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Йеменде өзгөчө эки баштуу сиам эгиздери жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Day.Az басылмасы Би-би-сиге шилтеме берип кабарлайт.

Эки жума мурун төрөлгөн балдар Абдул-Халид менен Абдул-Рахимдин ар бириники өзүнчө баш, арка, өпкө, жүрөк жана ашказаны башка. Бирок, алардын өпкө, бөйрөк жана колу-буту бир.

Ымыркайларды тез аранын ичинде дарыланууга чет өлкөгө жиберүү керек. Ошол себептен Йемендик дарыгерлер БУУга кайрылып, аларды эвакуация кылууга жардам берүүнү суранышкан.

Аль-Тауре шаарынын ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн башчысы Файзал аль-Бабли билдиргендей, Йеменде саламаттык сактоонун деңгээли төмөн болгондуктан, алар бул жерде аман калбайт. Бул жакта балдарды бөлүү боюнча операция жасаган адистер жок.

Пикир

Оставить комментарий