• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Йеменде холера оорусунан жабыркагандардын саны 800гө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Йемендеги холера оорусунан жабыркагандардын саны 791ге жеткенин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянуу менен, “Рейтер” маалымат агенттиги билдирди.

Мурдараак 727 адамдын көз жумгандыгы кабарланган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, 27-апрелдеги экинчи ирет холера оорусунун жайылышынан, Йеменде 7-июнга карата, ооругандардын саны 101,8 миң адамга жеткен. Алардын дээрлик жарымы 15 жашка чейинки жаш балдар.

Саламаттык сактоо тармагындагы Йемендик атка минерлер өлкөнүн түштүк жагында орун алган “Аден” шаарына холерага каршы 50 тонна дары алынып келингенин кабарлашкан.

Пикир

Оставить комментарий