• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейтаптын күйөөсү менен Тез жардам кызматынын дарыгери мушташты - милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Бишкекте бейтаптын күйөөсү менен Тез жардам кызматынын дарыгери мушташты. Бул тууралуу борбордук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, “102” кызматына үйлөрдүн биринде Тез жардам кызматынын кызматкери менен эркек киши мушташкандыгы тууралуу чалуу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген ыкчам кызматкерлер аял дене табы көтөрүлгөндүктөн Тез жардам кызматын чакыргандыгын аныкташкан. Анын жолдошу дарыгерлер кеч келди деп чыр чыгарган.

Мындан улам фельдшер менен бейтаптын күйөөсүнүн ортосунда уруш чыгып, натыйжада алар бири-бирине кол көтөрүшкөн.

Аталган факт боюнча “Бейбаштык” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда милицияга эки арыз түшкөн. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий