• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИББ: Кеминде дарыгер 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда дарыгер 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кыздын агасы кайрылган. Маалым болгондой, кыз ооруканадагы бөлмөдө өзү жаткан.

“Кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, дарыгер ага кирип, ийне сайгандан кийин кыймылдай албай жатып калчу. Кийин ал кыздын жанына жатып, зордуктоого аракет кылган”,-деп маалымдашты милициядан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

ШИИБнын кайсыл оорукана жөнүндө сөз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат беришкен жок.

K-News агенттиги кыздын агасынын сөзүнө шилтеме берүү менен окуя 6-сентябрда болжол менен саат 04:00 чамасында Орловка шаарында болгондугун жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы кызга ийне сайып, сылап эркелете баштаган. Кыз дарынын таасири астында болгондуктан кыйкырып чыгып кете алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий