• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда ийгилик жараткан жаш шахматчылар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шахмат боюнча президенттин кубогунда 2-орунду багындырган Нурайым Жакыпова менен 4-орунду камсыздаган Марат Курумбеков баштаган жаш шахматчыларды кабыл алып, жеңиштери менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Алар машыктыруучусу Абубакир Алайев жана жакындары менен келген. Шаар башчысы жаш шахматчыларды тарбиялоо үчүн имарат маселесин чечип берүүнү убадалап, белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, президенттин кубогу Бишкекте өтүп, 14-ноябрда жыйынтыкталды. Ага 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар жана кыздар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий