• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ийгиликсиз үгүт иштери жана туура эмес политехнология – эксперт партиялардын утулуп калуусунун себебин атады

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. 7% шайлоо босогосун аттай албаган саясий партиялар бүгүн аянтка чыгышты. Партиялардын жеңилип калуусуунун себеби тууралуу эксперт, саясий серепчи Бакыт Бакетаев билдирүү жасады.

"Алар эл сатылып кетти деп элди күнөөлөп жатышат. Биринчиден, бизде шайлоо болуп, шайлоочу ушундай чечим кабыл алды. Алар добуштарын аткарылбас убада берип жаткан партияларга берген жок. Ийгиликсиз үгүт иштеринин айынан айрым партиялар шайлоочулар арасында ишеним жарата алган жок", - дейт ал.

Эксперт буга бийликти күнөөлөөгө болбойт деп белгилейт, анткени чет элдик эксперттердин пикири боюнча Кыргызстандагы шайлоо көптөгөн башка өлкөлөргө караганда алда канча жакшы өттү.

Бакетаев жеңилген партияларды саясий маданиятка чакырды.

Эске сала кетсек, кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары ири айырмачылык менен алдыда келе жатат. Ал эми "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары дагы 7%дык чектен өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий