• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ийгиликтерди каалайм! Сердар Бердымухамедов Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин даанышман жана көрөгөч жетекчилигиңиз астында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Республикада эбегейсиз зор кайра куруулар, социалдык-экономикалык өнүгүү ишке ашырылып жатат.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чыңдоого Сиздин жеке көңүл бурууңузду жана ырааттуу колдооңузду өзгөчө белгилегим келет. Биздин мамилелерибиз элдерибиздин жыргалчылыгы учун мындан ары да үзгүлтүксүз чыңдала бере тургандыгына ишенебиз.

Учурдан пайдаланып, чын дилимден Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат Түркмөнстандын президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий