• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чанды чакырышты

ДКО 2018 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөлүк жылдыздар Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чанды чакырышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жеки Чан ЮНИСЕФ тарабынан чакырылган.

“Ж.Чан келе албай тургандыгын айтты, себеби ошол учурда анын тартуу иштери бар экен. Эгер оюндар башка датада болсо ал сөзсүз түрдө келмек экендигин билдирди. “Жеки Чан келиш үчүн акча талап кылган” деп кээ бир маалымат каражаттары жазган маалымат туура эмес”, - дешти катчылыктан.

Ал эми Анжелина Жоли жана Леонардо Ди Каприо Кыргызстандын өкмөтүнүн аппараты тарабынан чакырылган. Актёрлор жоопторун берише элек.

Эске сала кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө сентябрь айынын башында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий