• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тажикстандыктар 5 медаль утушту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Тажикстандык спортчулар Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында (ДКО) 5 медаль утту, - деп “Авеста” ДКОнун расмий сайтына шилтеме берүү менен кабарлайт.

Тажик спортчулары бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утушкан. Жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата медалдык эсеп боюнча Тажикстан 12-орунда турат.

Жалпы медалдык эсеп боюнча Кыгызстандын курамасы 78 медаль менен биринчи орунда, Россия 43 медаль менен экинчи орунда жана Казакстан 49 медаль менен үчүнчү орунда.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталды.

Бул жылы спорттук мелдештердин саны 37ге чейин көбөйтүлдү.

Биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылдын 9-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Атада өткөрүлгөн. Анда 19 өлкөдөн келген спортчулардын арасында спорттун 10 түрү боюнча мелдештер өткөн.

Экинчи Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылы 3-8-сентябрь күндөрү өтүп, анда 62 өлкөдөн келген спортчулар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий