• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттери сатыкка чыкты

Коом 0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун (ДКО) салтанаттуу ачылышынын жана жабылыш аземинин билеттери сатыкка чыкты. Бул тууралуу "Медиа жана PR" жумушчу тобунун Кыргызстандын ЖМКлардын өкүлдөрү менен өткөн чогулушунун жүрүшүндө ДКОнун катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

Анын айтымында, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттерин Бишкек ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата(Советская көч.122) шаарларындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Ошондой
эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот.

“Тиркемени Android и IOS платформалары аркылуу да алууга оңой. Кирүү билеттери ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка
жактарга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелерди сактабоо чыгымын ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет”, - деп баса белгиледи А.Абдесова.

Абдесова ачылыш аземинин салтанатына кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болорун кошумчалады. Эскерте кетчү нерсе, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-
жылдын 2-сентябрында, жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында болот. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш-чараларына кирүү эркин.

Пикир

Оставить комментарий