• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

III ДКО: 2 миңге жакын адам Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча ишембиликке катышууда

ДКО 2018 0

Бишкек, 25.08.18. /Кабар/. 2 миңге жакын адам III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча ишембиликке катышууда. Райондун акими Данир Иманалиев билдиргендей, экологиялык акциянын катышуучуларынын арасында муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, пансионаттардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, Бишкектен жана Кыргызстандын башка облустарынан келген кайдыгер эмес жарандар жана ыктыярчылар бар.

"Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча экологиялык акцияга ар бир айылдын жана бир нече кайдыгер эмес жарандардын катышып жатканы кубандырарлык. Мындай экологиялык акциялар жарандарды тарбиялоого жана жаратылышка, экологияга аяр мамиле жасоого багытталгандыктан мааниси чоң", - деди аким.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынан баштап Семеновка айылына чейинки (Кырчын капчыгайын камтыйт) райондун аймагын тазалоо иш-чаралары бүгүн жана эртең өтөт. Райондун 100 чакырымдан ашык аймагын тазалоо пландалууда. Экологиялык акция Ысык-Көл районунун акимиаты жана "Эко Деми" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий