• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III ДКО: Алыш күрөшү боюнча КР курамасы 8 медаль утту

ДКО 2018 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күн мурун Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда алыш күрөшү боюнча турнир болду.

Алыш күрөшү боюнча мыкты балбандар бир гана медаль үчүн эмес, дүйнө чемпиону наамы үчүн да өздөрүнүн болгон күч-аракеттерин көрсөтүштү.

Күрөштүн бул түрү боюнча жалпысынан 35 өлкөдөн келген 145 спортчу таймашты. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, Кыргызстандын курамасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы бардык он эки салмактык категория боюнча беттешке катышышкан.

Жыйынтыгында эркектер арасында кыргызстандык спортчулар 4 медаль утушту: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло. Алтын медалды 80 кг чейинки салмактык категорияда Эсенбек Кудайбердиев жеңип алган.

Кыз-келиндер арасында КР байге куржунунда 4 медаль бар: 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Бахтияр кызы Нурзат чемпион болду (65 кг чейин).

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

69 кг чейин:

1-орун – Кимсаноев Мардон (Өзбекстан) – жалпы байге фонду 70 миң сом;

2-орун– Ашыргелдиев Арслан (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун– Неифриетуо Жунйу (Индия) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Абрамов Алексей (Россия) - 17 миң 500 сом.

70 кг чейин:

1-орун– Рузиев Хусдиддин (Өзбекстан) - 70 миң сом;

2-орун – Шаршеналы уулу Мадаминбек (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун– Милжан Джуканович (Сербия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Медов Росимурат (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

80 кг чейин:

1-орун– Кудайбердиев Эсенбек (Кыргызстан) - 70 миң сом;

2-орун – Махкамов Камолиддин (Түркмөнстан) - 35 миң сом;

3-орун – Садыков Ленар (Россия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Кулманбетов Айдос (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

90 кг чейин:

1-орун – Калимуллин Реназ (Россия) - 70 миң сом;

2-орун– Артыков Зайлобиддин (Өзбекстан) - 35 миң сом;

3-орун – Жумаев Гылыч (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Нурмамат уулу Сапармурат (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

100 кг чейин:

1-орун – Батыров Сейди (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Мавлонов Обидали (Өзбекстан) - 35 миң сом;

3-орун – Малдован Анатоли (Молдавия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Быйретмурат Сиерик (Монголия) - 17 миң 500 сом;

100 кг ашуун:

1-орун – Галиамов Мусса (Россия) - 70 миң сом;

2-орун – Лусиано Дел Рио (Аргентина) - 35 миң сом;

3-орун – Келсинбеков Кадыр (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Бердыев Овезгелди (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

Эркектер арасында:

55 кг чейин:

1-орун – Бадагляева Лачын (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2 -орун– Рыскулова Анара (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун– Сосе Баласанян (Армения) - 17 миң 500 сом;

3-орун- Кайыпхан Акжол (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

60 кг чейин:

1-орун – Мадраимова Зухра (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Момунова Мээрим (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Махмудова Мафтуна (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Дусембаева Улжан (Казакстан) - 17 миң 500 сом;

65 кг чейин:

1-орун – Бахтияр кызы Нурзат (Кыргызстан) - 70 миң сом;

2-орун – Арайлым Канзада (Казакстан) - 35 миң сом;

3-орун– Кайли Вос (Нидерландия) - 17 миң 500 сом;

3-орун- Овлякуляева Жемал (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

70 кг чейин:

1-орун – Реналда Гедытутё (Литва) - 70 миң сом;

2-орун– Шайыпбекова Перизат (Казакстан) - 35 миң сом;

3-орун – Мамажонова Дилафруз (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун- Фролова Елена (Россия) - 17 миң 500 сом;

75 кг чейин:

1-орун– Суркиева Насиба (Түркмөнстан) - 70 миң сом;

2-орун – Ликун Сандра (Польша) - 35 миң сом;

3-орун – Худойбердиева Бегзода (Өзбекстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Мамарасул кызы Алтынай (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

75 кг ашуун:

1-орун– Туба Уна Светлана (Сербия) - 70 миң сом;

2-орун – Зутова Гозаль (Азербайжан) - 35 миң сом;

3-орун – Кебадзе Елене (Грузия) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Сарбашова Нагира (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом.

Пикир

Оставить комментарий