• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III ДКО: Аркан тартыш боюнча КР курамасы жеңишке жетти (жыйынтык)

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке Иран, Казакстан жана Кыргызстандын курама командалары катышты.

Чучугулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы финалга чыккан. Ал эми ирандык спортчулар Казакстандын командасын 2:0 эсебинде утуп алган. Финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы ирандыктарды 2:0 эсебинде жеңип, аркан тартыш боюнча чемпион аталышты.

Командалык оюндардан кийин жеке беттештер өтүп, ар бир командадан эң күчтүү атлеттер чыгышты. Бул жолу ийгилик казакстандык спортчу Хайранхаан Шанкуга жылмайды. Ал эми ирандык Реза Хейташи биздин атлет Аваз Докоевди жеңип, казакстандык Шанкуну да кыйынчылыгы жок утуп алды.

Жеке эсепте биринчи орунду Реза Хейташи, экинчи орунду Хайранхан Шанку жана үчүнчү орунду Аваз Докоев алды.

Аркан тартыш боюнча жалпы байге фонду 340 миң сомду түзүп, ал төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлдү:

Командалык эсеп: Биринчи орун 100 миң сом, экинчи орун 80 миң сом жана үчүнчү орун 60 миң сом.

Жеке эсеп: Биринчи орун 50 миң сом, экинчи орун 30 миң сом жана үчүнчү орун 20 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий