• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III ДКО: Ашыртмалы аба күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту (Ысык-Көл облусу) айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ашыртмалы аба күрөшү боюнча мелдештер болуп өттү.

Ага 18 өлкөдөн 41 спортчу катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

65 кг чейин:

1-орун – Курданкулов Ауезхан - Казакстан – байге фонду 70 мин сом;
2-орун – Тагизадехари Реза – Иран – 35 мин сом;
3-орун – Закиров Илнар – Татарстан (Россия) – 17 миң 500 сом;
3-орун – Биктимиров Данил – Челябинск (Россия) -17 миң 500 сом..

80 кг чейин:

1-орун - Кудайбердиев Алишер - Өзбекстан – 70 миң сом;
2-орун – Атаев Ишанмурат – Түркмөнстан – 35 мин сом;
3-орун – Усенов Тариел – Кыргызстан – 17 миң 500 сом;
3-орун – Шаимуканов Курманга – Башкортостан (Россия) - 17 миң 500 сом;

Абсолютттук салмактык категория:

1-орун – Кожобеков Нурбек - Кыргызстан – 70 миң сом;
2-орун – Дорж Анар - Монголия -35 миң сом;
3-орун – Али Тасбору – Түркия - 17 миң 500 сом;
3-орун – Носиров Ислом – Өзбекстан - 17 миң 500 сом.

Ашыртмалы аба гюреши (күрөшү) – түрк элинин улуттук күрөшү.

Ашыртмалы аба гюреши – түрк гюреш күрөшүнүн салттуу түрүнүн бири. Ошондой эле кийимчен балбандар кармашкан байыркы жана алгачкы күрөштөрдүн катарында. Бул күрөш аскердик даярдыктарда колдонулган.

Атаандаштын кийиминин жана денесинин каалаган жеринен кармап жыгуу Ашыртмалы аба гюрешинин негизги өзгөчөлүгү. Күрөшүү техникасы бутту колдонуу, белден жана чапандан, же бир бутунан жана белинен кармап жыгуу сыяктуу ар түрдүү ыкмаларга бай. Кармашуу улуттук аспаптар: барабан жана үйлөмө аспаптардын чертилүүсү менен коштолот. Балбандар кой терисинен (аба) жасалган, колдор үчүн, кесилген жырыгы бар кыска жамынма же чапандарды кийип кармашууга чыгышат.

Балбандардын кийими кой терисинен (аба) жасалгандыгы үчүн күрөш да ушуга жараша аталып калган. Күрөштүн бул түрүндө балбандардын негизги милдети болуп аттандашынын белинен кармап, чалкасынан көтөрүп чабуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий