• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III ДКО билеттери сатылат, акысыз түрдө таркатуу пландаштырылган эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселелери, объекттердин курулушу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, чакырылган катышуучулардын жана мелдештин конокторунун санын эске алуу менен алдыдагы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү болуп саналат.

«Кетирилген кемчиликтер үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жеке жоопкерчиликти алышат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга билеттерди сатуу жагдайы тууралуу билдирди.

«Бүгүнкү күнү билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылууда. Ошондой эле каалоочулар билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Учурда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылды», – деп маалымдады ал.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер бардыгы үчүн бирдей шарттарда сатылат. Билеттерди сатуу гана жүргүзүлөт, жарандардын белгилүү бир категориялары же чиновниктер үчүн акысыз негизде таркатуу пландалган жок. Бул калыс мамиле, себеби демөөрчүлүк жардам иретинде каражаттарды бөлгөн чарбалык субъектилер мелдештерди уюштурууда бир кыйла салым кошушкан.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрыкча белгилегендей, билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 2нен 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин турат.

Пикир

Оставить комментарий