• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

III ДКО: Бишкекте ордо оюну боюнча тандоо өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Калаада ордо оюну боюнча үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдешке аймактардан жана Бишкек, Ош шаарарынан келген 80ге жакын оюнчу катышууда.

Каалоочулар абдан көп болгондуктан, командалар “А” жана “В” болуп эки тайпага бөлүнүшкөн.

Учурда жарым финалдык оюндар өтүп жатат.

Эске сала кетсек, мелдеш 3нөн 8-июнь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий