• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

III ДКО: Экология көйгөйлөрүн чечүү үчүн кинофестиваль негизделди

ДКО 2018 0

Бактуу-Долонту, 04.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда “Мөңгү” кинофестивалынын ачылышы болду. Көрсөтүлгөн тасмалардын негизги мааниси экологияны, анын ичинен Кыргызстанда көп болгон мөңгүнү сактоого багытталган.

Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендиевдин айтымында, республикада ар кандай сынактар, фестивалдар жана семинарлар өткөрүлүп жатат.

“Мисалы, Жаш кино кинофоруму, адистештирилген “Бир дүйнө” фестивалы бар. Бирок экология тууралуу тасмалар жок. Эми алардын катарына “Мөңгү” фестивалы кошулду. Мөңгүлөр – бардык суу запасынын негизи. Андыктан биз фестивалды ушул темага арнайын деп чечтик”, - деди ал.

Ал белгилегендей, форумга 70 тасманын ичинен 20ны тандап алышкан.

“Форум россиялык “Медведь Камчатки” тасмасы менен ачылат. Биз экология темаларына кайрылып жатып өзүбүздүн өнүгүү жолубузду тандап алдык деп ойлойм. Анткени дал ушул темага кинематографисттер кайрылышпайт. Мындай фестивалды негиздөө менен биз экология көйгөйлөрүнө көңүл бурабыз. Кыргызстанда 12 жылдан бери адам укуктары боюнча фестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Экология көйгөйлөрү дагы артыкчылыктуу болот деп үмүттөнөм”, - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жалпысынан ДКО эң жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгиледи.

“Ак илбирс күчтүү, тайманбас жана акылдуу. Бул кыргыздардын мүнөзү. “Мөңгү” экологияны сактоого өзүнүн салымын кошот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий