• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

III ДКО: Көчмөндөр оюндары учурунда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ысык-Көл облусунун “Кырчын” жайлоосун электр энергиясы менен камсыздоо 110 кВ “Григорьевка” көмөкчордону тарабынан ишке ашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКтын Ысык-Көлдөгү кеңсеси 110 кВ “Григорьевка” көмөкчордонун реконструкциялоо, эски КРУН 10 кВ алмаштыруу, кошумча трансформаторду орнотуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Ал эми резервдик электр энергиясы менен камсыздоо 110 Кв “Ананьево” көмөкчордону тарабынан ишке ашат.

Ошондой эле ДКО өтүп жатканда күнү-түнү нөөмөттө туруу үчүн жана электр тармактарын ыкчам тейлөө максатында 110 кВ “Чолпон-Ата” көмөкчордонунда кошумча кызматтык жайлар жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий