• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

III ДКО: Кыргыз балбандары мелдештердин биринчи күнү 3 медаль утуп алышты

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 03.08.18 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Турнирдин биринчи күнүндө гуштини милли камарбанди тажик улуттук күрөшү боюнча 3 комплект медаль ойнотулганю

III ДКОнун катчылыгынан билдиришкендей, турнирге 11 өлкөдөн 27 спортчу катышкан, эки кыргызстандык спортчу финалга чыгып,бирөө коло медаль үчүн күрөшкөн.

68 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык Марлен Абдрасулов түркмөнстандык Бегенч Йагмур менен күрөшүп, Абдрасулов турнирдин алтын медалына ээ болгон. Жыйынтыктоочу протоколдо аталган салмак категориясында казакстандык жана орусиялык спортчулар 3-орунду ээлешкен.

82 килограммга чейинки салмак категориясындагы финалдык беттеште кыргызстандык Шерикбай Аманилл уулу россиялык Артур Зулкарнаев менен күрөшкөн. Жыйынтыгында россиялык спортчу алтын медаль тагынган.

Кыргызстан үчүн 3-медалды Кайрат Тойчиев абсолюттук салмак категориясында жеңип алды. Аталган салмак категориясында алтын медалды Түркмөнстандык спортчу Аннамурат Мурадов утту.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

68 килограммга чейинки салмак категориясы:

1-орун –Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – байге фонду 75 миң сом;

2-орун – Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун – Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Шабиев Разиль (Россия) 17 миң 500 сом.

82 килограммга чейин:

1-орун – Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 миң сом;

2-орун – Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) - 17 миң 500 сом.

Абсолюттук салмак категориясы:

1-орун – Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) - 75 миң сом;

2-орун – Жонгор Паренбаатар (Монголия) - 35 миң сом;

3-орун – Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) - 17 миң 500 сом.

Пикир

Оставить комментарий