• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

III ДКО: Ордо боюнча Кыргызстандын командасы алдыда

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. 3-сентябрдан тарта Кырчын капчыгайында ордо боюнча оюндар өтүүдө.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдиргендей, оюндарга 8 өлкөдөн – Чехия, АКШ, Россия (Москва облусу), Тажикстан, Казакстан, Монголия, Россиядан (Свердлов облусу) 57 спортчу катышууда.

Биринчи эки күндүн жыйынтыктары:

3-сентябрь:

1-оюн: Тажикстан: Казакстан – 2:0

2-оюн: Кыргызстан – Монголия – 3:0

3-оюн: Россия (Москва облусу) – Чехия – 2:0

4-оюн: Россия (Свердлов облусу) – АКШ – 2:0

4-сентябрь:

1-оюн: Кыргызстан-Россия (Москва облусу) – 2:0

2-оюн: Тажикстан-АКШ – 2:0

3-оюн: Чехия-Монголия – 2:0

4-оюн: Казакстан-Россия (Свердлов облусу) – 2:0

Бүгүн саат 10:00дө Кыргызстан-Чехия жана Тажикстан-Россия командаларынын ортосунда оюндар өтөт. Ошондой эле 14:00дө 5-6-орундар үчүн оюн өтөт.

Эске салсак, ордо боюнча оюндар 6-сентябрда аяктайт. Ал “Кырчын” капчыгайында өтүп жатат.

Маалымат үчүн: Ордо боюнча команданын курамы 9 адамдан турат: 8 оюнчу, 1 машыктыруучу. Оюнга 18 жаштан өйдө спортчулар катышат. Оюн эркектер арасында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий