• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

III ДКОдо эки пресс-борбор уюштурулат

ДКО 2018 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Ысык-Көлр айонунун Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия чыңдоо борборунда кыргызстандык жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн спорттук жана маданий иш-чараларды чагылдырууга башкы пресс-борбор түзүлөт.
Коноктордун жана журналисттердин карамагында жабдуулар менен жабдылган компьютерлер интернетке туташып, 40 жумуш орду болот. Пресс-борбордо 500дөн ашуун журналисттин катышуусунда ири маалымат жыйын өткөрүүгө шарт түзүлдү.
Мындан сырткары, спорттук жана маданий иш-чаралардан тартылган сүрөттөрдү, видеолорду оперативдүү даярдоого монтаждоо студиясы пресс-борбордо уюштурулат.
«Кыргызтелеком» ААКнын жана КТРдин базасында ЖМКлардын иштөө жыйынтыгынан алынган сүрөт, видео маалыматтарды сактоого 2 FTP-платформа түзүлөт. Андан маалыматтарды алуу да акысыз. Бул III ДКОдогу иш-чаралардын жүрүшүн өз телеканалдарынын көрүүчүлөрүнө көрсөтүү үчүн тартуучу топко жардам берет.
LED экрандары III ДKOдо ат майдандагы, «Кырчын» этно шаарчасындагы, «Nomad» амфитеатрындагы, ДЧБ дагы иш-чараларды көрсөтүп турат.
«Кырчын» этно шаарчасында 6 боз үйдүн базасында кыргызча жасалгаланган оперативдүү пресс-борбор иштейт.
ДКОнун жүрүшүндө бардык пресс-борборлордо интернет жеткиликтүү болот. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылгандан тартып, ДЧБ жана ат майдандын аймагында wi-fi түйүндөрү тартылат.
Учурда III ДКОнун иш-чараларына катышууга дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн ЖМК өкүлдөрү каттоодон өтүштү. Кайрылгандардын 522си журналисттер жана блогерлер, аккредитацияалган 308 адамдын ичинде кино тартуучу топтор,сүрөтчүлөр, блогерлер жана репортерлор бар. Ал эми 214үнүн билдирүүсү каралууда.
Мындан сырткары, дүйнөлүк 23 приоритеттүү ЖМКнын курамы түзүлүп бекитилди. 2018-жылдын 17-августуна карата III ДКОго катышууга түзүлгөн ЖМКлардын 111 өкүлү катталды.

Пикир

Оставить комментарий