• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

III ДКОдо Кырчын этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет

ДКО 2018 0

Бишкек, 03.08.18 /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган Кырчын этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу Кыргызстандын баардык облустарнын маданий программасын уюштурууга жооптуу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, режиссер Зарылбек Молдобакиров билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн ар бир облусу 11 ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо. Маектешибиз бул облустардан сырткары эки чоң шаарыбыз Бишкек, Ош да өз боз үйлөрүн тигишерин белгилеп кетти. Режиссер бул III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна коомдук бирикмелердин жана уюмдардын кызыгуулары чоң экендигин кошумчалады, алар да оюндун маданий программасынын алкагында өткөрүлүүчү ар кайсы конкурстарга катышышат.

З.Молдобакиров: “Бир катар коомдук бирикмелер - “Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз дуйно”, “Ак элечек апалар”, “Кыргыз жери” жана башкалар 18ден 20га чейин боз үй тигишүүдө. Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилген. Жалпысынан болжолдуу 800дөн 1000ге чейин боз үй болорун күтүүдөбүз” – деп билдирди.

Режиссер кимде ким өзүнүн боз үйүн Кырчын этно-шаарчасына тигүүнү кааласа, режиссерлордун штабына кайрылса болорун, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдануу мезгилинде Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар үчүн китепканада жайгашкан штаб тапшырыктарды кабыл аларын билдирди.

Ошондой эле ал: “Биз ар түрдүү жарыштарды уюштурабыз, бирок атайын программанын негизгиси бөз үйдү ылдамдыкта тигүү болот”, – деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий