• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

III ДКОдо салттуу билимдерди коргоо жана маданиятты түшүндүрүү боюнча иш-чаралар өтөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.08.18 /Кабар/.Кыргызстанда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын илимий багытында 2018-жылдын 1-сентябрынан 4-сентябрына чейин салттуу билимдерди коргоо жана маданиятты салттуу билдирүү боюнча регионалдык семинар болуп өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик тутумунун түптөлүшүнүн 25 жылдыгына арналган.

Иш-чара жакынкы жана алыскы чет элдик өлкөлөрдүн салттуу билимдеринин ээлерин, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Бразилиянын, Эстониянын, Россиянын, Беларусиянын, Молдованын, Азербайжандын, Армениянын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын патенттик уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирмекчи. Эзелтен бери биздин ата-бабалар ээ болгон билимдер жаңы технологиялар жана ойлоп табуулар менен катар азыркы коомчулук тарабынан көбүрөөк колдонулууда. Буга мисал, салттуу (элдик) медицина, үй жаныбарларына кам көрүүнүн сырлары, дары чөптөрдүн касиеттери жана аларды дарылануу же косметикалык максатта колдонуу жөнүндө билимдер.

Акыркы убактарда дүйнө жүзүндө салттуу билимдерди кантип коргоо жана арттыруу жөнүндө гана эмес, ошол билимдер кимге таандык жана ким аларды колдонгондугу үчүн пайда таба алат деген талкуулолор жүрүүдө. Салттуу билимдер жана алар менен тыгыз байланышкан генетикалык ресурстар күн өткөн сайын илимий жана коммерциялык жактан кызыгуу жараткан объект болуп калууда, салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды колдонуунун коммерциялык пайдасы анык болгондуктан, аларга жеткиликтүү мүмкүндүк алуу кеңири чөйрөлөрдү кызыктырууда.

Пикир

Оставить комментарий