• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III ДКОнун алдында Ысык-Көлдө ири ишембилик өтөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында ушул жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл районунун аймагын, борбордук жолдорду жана суу жээгиндеги зоналарды тазалоо боюнча ишембилик өтөт.

Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу астында өтө турган бул экологиялык акция, Ысык-Көл районунун акимияты жана “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Ишембилик райондун баардык аймагында өтөт, Балыкчы шаарынан тартып Семеновка капчыгайына чейин, Кырчын жайлоосун кошо. Ысык–Көл районунун аймагынын жалпы узундугунан (168 км) 100 чакырымдан ашуун аймагын тазалоо пландалууда.

Иш-чарага бир миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев белгилегендей акциянын максаты – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууга өлкөнүн жарандарын, анын ичинде жергиликттүү коомчулукту тартуу.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл обласуна бардык дүйнө жүзүнөн келге турган конокторду тосууга ар бир үй, короо, көчөө даяр болуусу маанилүү. Биз бул аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылууга милдеттүүбүз, ошондой эле бүткүл дүйнө коомчулугуна кең пейил меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан бул экологиялык акция биз үчүн маанилүү ” – деп билдирди райондун акими Данир Иманалиев.

Экологиялык акцияга баардык каалоочулар катыша алышат. Чогулуу 25-августа Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук администрациясынын алдында саат 9:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий