• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

III ДКОнун алкагында Кыргызстанда Эл аралык алтаистикалык конференция өткөрүлөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. 2018-жылдын 26-августунан 31-августуна чейин Кыргызстанда 61-Эл аралык алтаистикалык конференция өтөт (Permanent International Altaistic Conference - PIAC). Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы илимий бөлүгүндө болот. PIAC – ар кайсыл өлкөнүн алтаист-окумуштууларынын башын бириктирген салттуу илимий аянтча. Чыгыштаануучулардын Мюнхенде өткөн Эл аралык 21-конгрессинде PIACты түзүүнү демилгелеп, 1957-жылы 4-сентябрда түзүлгөн.

АКШнын Индиан университетинин профессору, демилгечи Денис Сайнер көптөгөн жылдар бою долбоордун куратору болгон. Анын өлүмүнөн кийин PIACтын башкы катчылыгына Берлин университетинин Түркология институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле шайланган, ал бүгүнкү күнгө чейин долбоорду жетектейт. PIACтын башкы катчысы, профессор Барбара Кельнер-Хейнкеле жана теңтөрага, профессор Акош Апотоцки мекеменин 2018-жылкы форумун жетектөөнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых илимдеринин доктору, профессор Сынару Алымкуловага өткөргөн.

PIACтын алкагындагы ар жылы өтүүчү салттуу жоугушууда адистердин алтай цивилизациясындагы элдердин маданиятын, тилдерин, мурасын изилдөө чөйрөсүндөгү адистердин илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланат. Бул жолу конференцияга катышкан окумуштуулар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы иш-чараларга катышышат. Ата мекендик окумуштууларга дүйнөлүк кесиптештери менен жакындан таанышууга жана чет элдик изилдөөчүлөрдүн докладын угууга кеңири
мүмкүнчүлүк түзүлөт. Конференцияны уюштуруучулардын дарегине 171 доклад түшкөн, анын 89у чет өлкөлүктөрдүкү жана 82си ата мекендик окумуштуулардыкы.

Атайын түзүлгөн комиссия конференциянын талаптарына ылайык докладдарды тандашат. Венгрияда өткөн 60-конференциянын жыйынтыгы мененPIACтын 61-отурумун өткөрүү чечилген. Ага Венгриядан, Германиядан, Кытайдан,
Кореядан, Кыргызстандан, Монголиядан, Польшадан, Россиядан, Румынядан, Словакиядан, АКШдан, Түркиядан, Франциядан, Япониядан 40тан ашуун окумуштуулар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий