• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III ДКОнун алкагында спорттук иш-чаралар башталды – Аманкулов

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 02.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук иш-чаралар башталды. Алар спорттун күрөш түрү боюнча башталып, түштөн кийин алгачкы жеңүүчүлөр аныкталат. Бул тууралуу Чолпон-Атада журналисттер менен болгон жолугушууда КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, УОКнин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, оюнга 2 миңден ашуун спортчулар катышат, алардын ичинен бир жарым миңи учурда Ысык-Көл жээгине келишкен.

“Спортчулар 62 өлкөдөн жана Россия Федерациясынын 11 субъектисинен келишүүдө. Көчмөндөр оюндарында 594 медаль ойнотулат, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медаль”, - деп билдирди Аманкулов.

Ал иш-чарага Жакартадан кайтып келген олимпиада чемпиондору жана Азия оюндарынын катышуучулары да чакырылганын кошумчалады.

“Ачылыш аземине Жакартадан келген олимиада чемпиондору жана Азия оюндарынын катышуучулар чакырылган. Менимче спорттук бөлүк абдан кызыктуу болот. Ар бир программа Борбордук Азиянын, түштүк-чыгыш Азиянын, Европа жана Африканын көчмөн спорттук мелдештери менен коштолот. Кош келиңиздер”, - деди Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий