• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

III ДКОнун интеллектуалдык оюндары жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында овари интеллектуалдык оюну боюнча турнир аяктады. Бул тууралууу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Овари Борбордук Африкадан келген оюн. Интернетте аталган оюн тууралуу мындай деп жазышат: Ганада оваре согуштук даярдыктын бир бөлүгү болгон. Аскерлер жүрүштүн алдында тактага отуруп, реакцияларын текшеришкен. Эгер падыша өлсө, кеңешме турнир уюштурган, жеңүүчү анын жолун улантуучу адам болгон.

Тогуз коргоолдон айырмаланып бул оюнда 6 чуңкурча бар. Оюндун башталышынын алдында алардын ар бирине 4 таштан ташталат. Кимде көп таш топтолсо, ошол жеңүүчү болот.

Аталган мелдешке 33 өлкөдөн 54 спортчу (35 эркек, 17 кыз-келиндер) катышкан.

Командалык оюндарда эркектер арасында биринчи орунду Антигуа жана Барбудадан келген курама команда алган.

Тревор Симон жана Кирил Кристиан 40 миң сом утуп алышкан. Кыргызстан бул тизмеде 3-орунду алган: Кубан Сазаев жана Анарбек Жамакеев 20 миң сом утуп алышкан.

Кыз-келиндер арасында эң күчтүү деп казакстандык Асель Далиева жана Диана Кенина табылды. Ал эми кыргызстандык Алтынай Шамбетова жана Жаңыл Сагынбекова күмүш медалдарды утуп алышкан. Россиянын курама командасы 3-орунду алышкан: Дарина Потапова жана Ольга Коротких.

Эркектер арасындагы жеке эсептерде жеңүүчүлөр:

1-орун – Тревор Симон (Антигуа жана Барбуда), 30 миң сом;

2-орун – Айиругу Азасеми (Гана), 25 миң сом;

3-орун – Кирил Кристиан (Антигуа жана Барбуда), 20 миң сом;

4-орун – Кубан Сазаев (Кыргызстан), 15 миң сом;

5-орун – Ернур Мерешов (Казакстан), 10 миң сом;

6-орун – Анарбек Жамакеев (Кыргызстан), 5 миң сом;

Кыз-келиндер арасында:

1-орун – Асель Далиева (Казакстан). 30 миң сом;

2-орун – Алтынай Шамбетова (Кыргызстан). 25 миң сом;

3-орун – Диана Кенина (Казакстан). 20 миң сом;

4-орун – Жаңыл Сагынбекова (Кыргызстан). 15 миң сом;

5-орун – Гленда Луис (Чехия). 10 миң сом;

6-орун – Айжанат Окашева (Россия (Алтай) 5 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий