• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

III ДКОнун уюштуруучулары өнөктөштөрүнө болгон карыздары тууралуу айтышты

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурундагы транспорт жана жашаган жерлер боюнча кызмат көрсөткөн жалдама мекемелерге болгон карыздары тууралуу маалыматка комментарий беришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, оюндардын катышуучуларын жана конокторун ташуу үчүн тендердик жол менен “ААА-Транс” ЖЧКсы менен 3 миллион 794,4 миң сомго келишим түзүлгөн.

“Күтүлүп жаткан журналисттердин санынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу 804 миң сомго кошумча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыяланган. Бүгүнкү күндө кошумча транспорттук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм “ААА-Транс” ЖЧКсы тарабынан техникалык катачылыктардан улам ишке ашкан эмес”, - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Жогоруда көрсөтүлгөн жалданма компаниянын катачылыгын жоюунун жыйынтыгында департамент төлөмдү толук көлөмдө ишке ашырары белгиленди.

Мейманканадагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча департамент көрсөтүлгөн кызматтарга толугу менен төлөп бергени, аткаруучулар алдында карызы жок экени маалымдалган.

Эске салсак, буга сейин ЖМКларда министрлик турак-жай жана транспорт үчүн кызмат көрсөтүүлөргө акча төлөп бербегендиги тууралуу маалымат жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий