• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

III ДКОнун жыйынтыктары. Боронов иш-чаранын уюштурулушун жогору баалады

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 08.09.18 /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оюндарды өткөрүүнү жана уюштурууну жогору баалады.

Боронов маалымат жыйынында сүйлөп жатып III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү жогору баалады жана катышуучуларга, уюштуруучуларга, ЖМКларга жана көрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

"Өкмөттүн атынан катышуучуларга, уюштуруучуларга, ЖМКларга жана конокторго ДКОну ийгиликтүү өткөргөнүңүздөр үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Соңүна чыгып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнө жүзү үчүн маанилүү окуя болуп, популярдуу иш-чаралардын бири деп аталды. Уюштуруучулар бир нече кылым мурдагы атмосфераны берүүгө, көчмөндөрдүн рухун бардык катышуучуларга жана конокторго чагылдырууга аракет жасашты", - деп белгиледи Боронов.

Ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинин жүрүшүндө оюндарды өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү аземи болорун айтты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө эстафетаны өткөрүп берүү жөрөлгөсү жасалып, улуу көчмөндөрдүн китеби берилет. Көңүл бургандарыңыздарга жана жасалган иштер үчүн рахмат", - деп жыйынтыктады Боронов.

Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болот. Кийинки оюндар 2020-жылы Түркияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий