• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ийин тушуна шиш сайылып калган баланын абалы туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Темир тосмодон өтүп жатып ийин тушуна шиш сайылып калган баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шиш баланын колтук тушунан кирген.

"Дарыгерлер биринчи хирургиялык дарылоо жүргүзгөн. Баланын жолу болгон. Керектүү органдары жабыркаган эмес. Учурда бала Көкүрөк хирургиясы бөлүмүндө жатып, тийиштүү дарылануудан өтүүдө", деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ "Дордой" стадионунда 13 жаштагы бала темир тосмодон өтүп жатып, темир шиш ийин тушуна сайылып калган.

Пикир

Оставить комментарий