• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өзбек жараны кармалды, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү "102" кызматына жашы жете элек өспүрүм кыздын зоордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн.

Свердлов районунун милиция кызматынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге тез арада жетип, окуянын чоо-жайын аныктаган. Анда 5-октябрь күнү саат 18:00дөн 19:00гө чейинки аралыкта азият улутундагы болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинен 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши катталган.

Бишкек шаардык жана Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстандын 34 жаштагы А.Ш., аттуу жараны кармалган. Ал курулушта иштеп, Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий