• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21,8 миң кароо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Былтыр, 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21 миң 845 кароо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азыркы учурда кылмыштарды иликтөө жана бетин ачуу эксперттик-криминалисттик изилдөөлөрдү пайдаланууну талап кылат. Эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошууда. Өткөн жылдын 12 ай ичинде адистер 21 миң 845 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө 6 миң 33 ыкчам иликтөө иш-чараларына 2 миң 784 тергөө амалына катышкан.

Жалпысынан 4 миң 504 экспертиза жүргүзүлдү: 2 миң 345 дактилоскопиялык, 134 трасологиялык, 341 жарылма куралдарды изилдөө, 704 баллистикалык, 191 техника-криминалисттик, 263 кол жазма таануу, 521 баңгизаттарды, акыл-эске таасир берчү заттарды жана перекурсорлорду изилдөө, 5 жарылуучу каражаттарды техникалык изилдөө боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн. Андан сырткары, 923 профессионалдык изилдөө жүргүзүлгөн. 212 өздүгү таанылбаган адамдын өлүгү идентификацияланган.

"СОНДА" автоматташтырылган маалымат базасына 11 миң 947 дактилокарта менен 2 миң 906 колдун издери киргизилген.

ИИМдин Криминалисттик борборунда "ТАИС" автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум иштөөдө. Аталган тутум куралдар жөнүндө маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн арналып, экспертизага келип түшкөн гильзаларды жана окторду кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылдын 12 ай ичинде маалымат тутумуна 32 криминалдык гильзалар, 15 эпизод боюнча 5 ок киргизилген. 828 катталган ок атуучу куралдар, 590 жаракаттандыруучу тапанча текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий