• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: 2020-жылы мал уурулук менен алектенген 64 кылмыштуу топ кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Республика боюнча 2020-жыл ичинде мал уурулук менен алектенген 255 адамдан турган 64 кылмыштуу топ кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 3 миң 69 мал уурдалган, анын ичинен 2 миң 722 мал ээлерине кайтарылып берилген. Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 78 млн 360 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 42 млн 740 миң сомду түзөт.

Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 1 миң 173 материал болгон, анын ичинен Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 935 фактысынын бети ачылган.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, мал уурулук кылмыштарынын себеби малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылып жатканы", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий