• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: 2020-жылы милицияга 200 миңден ашык билдирүү келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. 2020-жылы милицияга 200 миңден ашык билдирүү келип түшкөн, - деп кабарлайт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ИИМден билдиришкендей, республиканын ички иштер органдарынын нөмөт бөлүктөрүнүн кызматкерлери милицияга түшкөн билдирүүлөрдү каттоо, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топторун жөнөтүү боюнча чоң иштерди жасашат.

2020-жыл ичинде Кыргызстандын ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнүн милиционерлери маалыматтарды каттоонун электрондук журналына 222 миң 206 кылмыш, жорук жана башка бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү каттап, анын ичинен 123 миң 265 билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизишкен.

2020-жылдын 12 ай ичинде окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору 150 миң 566 жолу жөнөтүлгөн. Алардын ичинен, кылмыштар жана жоруктар фактылары боюнча - 123 миң 792, криминалдык мүнөздөгү жараттар жөнүндө чакырууларды алганда медициналык мекемелерге - 23 миң 590 жолу чыгышып, 3 184 жалган
маалымат болуп чыккан.

Кылмыштын изин сутпай ыкчам-тергөө топтору 1 992 шектүүнү кармаган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам нөөмөткерлери 12 миң 426 чалууну иштеп чыккан. Алардын ичинен криминалдык мүнөздөгү - 4 986, коомдук-саясий мүнөздөгү - 3 148, маалыматтык-тактоо иретиндеги мүнөздөгү - 4 292 болот.

Күн сайын жетектөөчүлүк курам Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт кезметтерине жана ыкчам-тергөө топторуна тескемелерди өткөрүп, анда милиционерлер республикадагы коомдук-саясий абал жана криминогендик кырдаал тууралуу маалымдалып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткаруу, нөөмөт учурунда кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө тапшырмалар коюлат.

Пикир

Оставить комментарий