• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: 2021-жылы мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. 2021-жылы мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ушул жылы 74 кылмыштын бети ачылган.

Анын ичинен кармалган чет элдик жарандар: Өзбекстан - 35, Тажикстан - 33, Кытай - 2, Түркия - 2, Пакистан - 2 адам кармалган.

ИИМдин аталган кызматы тарабынан ϴзбекстанда өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 48 жаштагы Г.Н. аттуу жаран Кара-Балта шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Ал 1996-жылдан бери жасалма паспорт менен жашап жүргөн. 2021-жылдын жаз айында Г.Н. ϴзбекстанга экстрадицияланган.

2021-жылдын февраль айында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. 9-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Майнинг” фермасынын аймагынан өз өлкөсүндө жасаган оор кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн 49 жаштагы Я.Я. аттуу Кытайдын жараны изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Кытайга экстрадицияланган.

2021-жылдын 30-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан өз өлкөсүндө баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн 37 жаштагы М.Ж. аттуу Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен жашап жүргөн жеринен кармалган. Андан сырткары, ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө жана документтерди жасалмалоого шектелүүдө. М.Ж. 2018-жылы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жашап жүргөндүгү аныкталган. Ноокен райондук соту тарабынан М.Ж. эки жыл алты айга эркиндигинен ажыратылган. Учурда жазасын өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий