• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: 7-апрель күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешет

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Майрам күнү Апрель элдик революциясына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган иш чаралардын жүрүшүндө айрым бордук көчөлөрдөгү кыймылдарга чектөөлөр коюлат. Алар: Киев көчөсү менен Чүй проспектиси, Тоголок Молдо көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо көчөсү менен Эркиндик көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсү түштүк багыты боюнча Разаков, Орозбеков, Панфилов жана Эркиндик көчөлөрүндөгү кыймыл убактылуу токтотулат. Элдик коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери 6-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Алдын ала профилактикалык ыкчам издөө иш аракеттерин жана коомдук саясий кырдаалдарага жол бербөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору!

Бишкек шаардык ИИББси шаар тургундары менен конокторго Ала-Тоо аянтындагы контролдук өкөрүү пунктарындагы текшерүү иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранат. Ошондой эле төмөнкү нерселерди билип алууңуздарды эскертет: коомдук жерлерде, унаа токттотуучу жана авто транспортторундагы ар кандай шектүү жана белгисиз буюмдарды таап алганада аларга тийүүгө же орунан жылдырууга, жашырууга жана башка аракеттерди көрүүгө тыю салынат. Шектүү затты таап алган учурларда 102 милиция кызматкерлерине кайрылыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий