• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ Абдил Сегизбаев суракка чакырылгандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Абдил Сегизбаев чакырылып, тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп берген соң кайра үйүнө кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдил Сегизбаев “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев интернетте жарыялаган маалыматы боюнча: “Интернетте тараган видео бул 2020-жылдагы президенттик шайлоолор убагында видео экендигин, андан бери эч кандай соцтүйүндөргө жана интернет булактарына эч кандай постторду же маалыматтарды жарыялабагандыгын айтып берди.

"Анын айткандары толугу менен текшерилди. Учурда тергөөгө тиешелүү иш чаралар уланууда", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий