• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан адам уурдоого жана каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган.

Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) жана 170-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалды:

- 1983-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган С.К., мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.

- экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч., бул дагы мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.

Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий