• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Адылбек Бийбосуновдун Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушуусу жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн бийлик өкүлдөрү Чүй облусунун Чүй районунун жана Токмок шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

Чүй облусунун Чүй районунун жана Токмок шаарынын жашоочуларынан сугат иштерине, таза сууга, жолдорду ремонттоо, жерге, медицина, айыл-чарба жана билим берүү тармагына, бала бакчанын жеке жактарга өтүп кетиши, улуттар аралык мамилеге, соттук териштирүүлөргө тиешелүү суроолор берилди.

Ошондой эле, социалдык, анын ичинде көп балалуу жаш үй-бүлөнүн жашоо-шарты боюнча дагы маселелер көтөрүлүп, элдин көйгөйлөрү көз жаздымда калбастан чечип берүүлөрүн суранышты.

Укук коргоо тармагындагы маселелер дагы көтөрүлүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевден жана ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон жарандар адам укуктарынын бузулушуна жол бербей, мыйзам чегинде арыз-даттанууларды кайрадан териштирип, өз көзөмөлдөрүнө алып берүүлөрүн суранышты.

Алсак, жарандардан кылмыш иштерин тергөөдө убакытты создуруу жана карабай коюу нааразычылыктары айтылды.

Өз кезегинде Адылбек Бийбосунов жарандардын ар бир кайрылуусу, арыз-даттануулары тыкыр текшерилип, жыйынтыгы менен чаралар көрүлө турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий