• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Академиясы №1 факультетине сырттан окуу формасында билим алууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясы №1 факультетине сырттан окуу формасында билим алууга чакырат. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын №1 факультети (дистанттык-сырттан окуу жана магистратура боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) сырттан окуу формасында билим алууга чакырат. Академия “Юриспруденция” багыты боюнча “бакалавр” академиялык даражасын ыйгаруу менен төмөнкү багыттарда билим берүү жүргүзөт:

- 5 жылдык окуу мөөнөтүнө жалпы орто билимдин негизинде, учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты менен кабыл алынат. Бюджеттик окууга ички иштер органдарынын аттестацияланган кызматкерлери гана кабыл алынат;
- 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө орто атайын юридикалык кесиптик билимдин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык органдарынын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кабыл алынат. Жогоруда аталган кызматтардын жалданма курамынын кызматкерлеринин иштөө тажрыйбасы 1 (бир) жылдан кем болушу керек;

- 2,5 жыл окуу мөөнөтүнө жогорку юридикалык эмес билимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана фискалдык органдарынын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кабыл алынат. Жогоруда аталган кызматтардын жалданма курамынын кызматкерлеринин иштөө тажрыйбасы 1 (бир) жылдан кем болушу керек;

Бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык, Академиянын сырттан окуу формасына орто билимдин негизинде 5 жыл окуу мөөнөтүнө жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл, атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө тапшырган талапкерлер “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргыз (орус) тили жана адабияты” сабактары боюнча тесттирлөөдөн өтүшөт.

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышат:

- билдирме (арыз) жетекчисинин уруксааты менен;
- анкета;
- кызмат өтөгөн жеринен окууга жөнөтүү чечими менен кызматтык мүнөздөмө;
- аскердик врачтык комиссиянын бүтүмү (5 жыл гранттык бюджеттик орунга);
- акы төлөө боюнча окууга тапшыргандарга №0,86 медициналык маалымдама;
- билими жөнүндөгү документ (орто билими жөнүндөгү аттестат, орто атайын кесиптик жана жогорку билими жөнүндөгү диплом);
- кадрлар бөлүмүнүн кызматкери тарабынан тастыкталган 9х12 – 1 даана, 3х4 – 4 даана сүрөт;

Акы төлөөсү 1 жылга – 21 000 сом (жыйырма бир миң сом).

Байланыш телефондору: 631738, 631739.



Пикир

Оставить комментарий