• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Академиясы кызматтык бош орундарга сынак жарыялады. Негизги талаптар

Коом 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясы профессордук-окутуучулук курамдагы бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Бош кызматтык орундардын тизмеси;

№ п/п Кафедралардын жана кызматтардын аталышы. Канча бирдик.

1. Тилге даярдык кафедрасы;

-профессор - 1

- ага окутуучу - 1

2. Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы;

-ага окутуучу - 3

-окутуучу-1

3. Дене тарбияга даярдык кафедрасы;

- окутуучу - 1

4. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин кафедрасы;

-окутуучу -1

5. Жазык укугу кафедрасы;

- окутуучу -1

6. Жазык укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасы;

-ага окутуучу - 1

-окутуучу-1

7. Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы;

- окутуучу-1

8. Криминалистика, атайын техникалар жана психология кафедрасы;

- ага окутуучу-1

9. Коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасы;

-ага окутуучу-1. Жалпысынан 144.

Профессордук-окутуучулук курамга квалификациялык талаптар: Профессор кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий наамы же болбосо илимий-педагогикалык же ИИОдо 10 жылдан кем эмес иш практикалык тажрыйбасы бар адистер (илимий даражасы же илимий наамы барларга артыкчылык берилет);

Ага окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.

Окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.

Бардык талапкерлер бир ай ичинде жазуу түрүндө арыз менен ИИМдин Академиясына кайрылып, КРнын ИИОдо кызмат өтөө Жобосунун 29-пунктуна ылайык, керектүү иш кагаздарын тапшыруусу зарыл.

Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо 2019-жылдын 2-октябрынан 2019-жылдын 2-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Сынактын катышуучулары төмөнкү текшерүүлөрдөн жана сынактардан өтөт:

- аскердик-дарыгерлер комиссиясынын аныктамасы (ВВК);

- дене тарбиялык даярдыгын текшерүү (ССК);

- негизги жана предметтик жазуу тести;

- аңгемелешүү

Байланыш булактары: Бишкек шаары КР ИИМдин Академиясы, Ч.Валиханов к. (мурдагы Чолпон-Ата) 1-а. Телефондор: 63-14-19 (Кадрлар бөлүмү), 63-16-68 (нөөмөт бөлүмү), электрондук дарек: iima2000@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий