• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ Академиясында баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн уюштуруу- тактикалык негиздери” аттуу атайын курсу боюнча онлайн семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, онлайн тренингде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси А. Селезнев, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын начальниги А. Шигаев, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана окутуучу курам катышты.

Атайын курсту эл аралык эксперт П. Пудов БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Респуликасындагы программалык кеңсесинин жардамы менен ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүн даярдоо жана билимин өркүндөтүү максатында даярдаган, анткени Академия Ички иштер министрлиги үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдай турган жалгыз жогорку окуу жайы болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө методикалык базаны кеңейтүү жана анын милдеттерин жана мазмунун тереңирээк түшүнүү максатында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча атайын курстун темалары боюнча презентация болуп өттү.

Андан соң тренинг суроо-жооп форматында уланып, мугалимдер кызыктырган суроолорун беришип, тренингдин уюштуруучуларына өз сунуштарын дагы беришти.

Тренингдин аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси А. Шигаев катышуучуларга сертификаттарды тапшырып жатып, тренингдин катышуучуларына активдүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий